«Дордойдогу» өрттө 42 контейнер жана тогуз күркө күйүп кетти

"Дордой" базарындагы өрт

«Дордой» базарында чыккан өрттө 42 контейнер жана тогуз күркө толук күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кытай катарында металлдан жасалган 42 контейнер, тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө (павильон) күйгөн.

«Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди» — деп билдирди ӨКМ.

«Дордой» базарындагы өрттөн кийинки көрүнүш

Тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланган. Алар Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

5-июлда «Дордой» базарында өрт чыгып, аны өчүрүүгө ӨКМдин 600 куткаруучудан турган жети бөлүмү тартылган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*