
«Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү 1,6 жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Баткендин Кызыл-Кыя шаардык соту 5-июлда чыгарганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттолгондор 38, 27, 31, 46 жана 29 жашта. Алар экстремисттик уюмга тартуу, үгүттөө менен алектенишкен. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган көп сандагы экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылган.
«Хизб-ут-Тахрир» — Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын бири. Бул уюм соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм деп 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган.
Оставьте первый комментарий