Билим берүү министрлиги УКМК тараткан маалымат боюнча жооп кайтарды

ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда мыйзам бузуулар быйылкы жылы болгон эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке 2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан билдирүү келип түшкөн. Анын негизинде алардын жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн.

Анын жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

Мындан улам, министрлик бул мыйзам бузуулар быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экенин, 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин кошумчалайт.

Эске салсак, бүгүн 7-июлда УКМК Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик жогорку окуу жайлардын биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү 50 абитуриентти бюджеттик орунга киргизүүдө мыйзам бузушканын билдирген.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*