
Ош шаардык милициясына уурулук боюнча 7 арыз түшкөн. Анын негизинде шектүү катары 22 жана 18 жаштагы эки жаран кармалган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, факт Кылмыш Кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) белгилери менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ага тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынын 22 жана 18 жаштагы Ж уулу А жана К уулу Б аттуу тургундары кармалган.
Шектүүлөр экөө тең мурда уурулук фактысы менен соттолгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 2000- жылы туулган жаранга карата Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камак түрү тандалып алынган. Ал эми 2004- жылы туулган К уулу Б жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Оставьте первый комментарий