Өзгөн: Куршабта жашоочулар жөө жүрүү коопсуздугунун жакшырта алышты

Өзгөн районунун Куршаб айылында тургундар биргелешип иштешүүнүн натыйжасында 3 км жөө жүрүү тротуарын оңдоп түзөөдөн өткөрүштү.  Бул демилгени айылдын эң жыш көчөлөрүнүн бириндеги жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздандыруу максатында жергиликтүү активдүү жарандар тобу көтөрүп чыккан. Алар айылдын жашоочуларын бул маселени чечүүгө тартып, каржылоо булактарын да табышкан.

Бул иш-аракетке жергиликтүү демилгелерди колдогон USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору колдоо көрсөткөн.  

2020-жылы Куршаб айылынын тургундары 2,85 км узундуктагы Камчыбеков көчөсүнүн коопсуздук маселесин чечүү максатында демилгелүү топ түзүшкөн. Алар бир нече жолу коомдук талкуу өткөрүп, демилгени алдыга жылдыруу жана каражат чогултуу иш-чараларын уюштурушкан. 

Тротуарды оңдоп-түзөөгө жергиликтүү жеке ишкерлер 612 000 сом, ал эми чет жерде иштеген айылдаштар 272 300 сом чогултуп колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 1 460 000 сомдук каражат бөлүп берсе, USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору 1 498 500 сомдук акчалай эмес салымын кошкон.

Курулуш иштери жүрүп жаткан учур

Куршаб айылындагы аялдар кеңешинин жетекчиси жана демилгелүү топтун мүчөсү Аминакан Калыкованын айтымында, Камчыбеков көчөсүндөгү тротуарды оңдоо демилгесине айылдын мектеп окуучулары, ата-энелер, улгайган жана майыптыгы бар жарандар абдан ыраазы. 

«Мурда мектепке бара жатканда балдарыбыз унаа жүргөн жол менен басууга мажбур болушкандыктан, кокусунан унаа уруп кетүү коркунучу болгон.Ошондуктан биз көчөнү коопсуз кылуу максатында жардам көрсөтө алган тараптар менен күч-аракеттерибизди бириктирдик», – деп тушүндүрдү Аминакан Калыкова. 

Жаңы жөө жүрүүчү тротуардын курулушу 2022-жылдын июнь айында аяктады. Эми мындан ары Куршаб айылынын 19,000 миңден ашуун тургуну айылдагы мектептерге, бала-бакчаларга, ооруканага, милиция жана башка мекеме-ишканаларга коопсуз өтүп, бара алышат.

Бүткөндөн кийинки учур

«Жергиликтүү тургундар башында турган демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышына USAID салымын кошкондугу үчүн биз сыймыктанабыз», – деп 6-июлда Куршабдын жашоочулары жана бийлик органдары менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын башчысы Кайя Адамс баса белгиледи.

«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстанда 2019-2024-жылдары FHI 360 уюму ишке ашырып жаткан, жарандык катышууну колдоого багытталган беш жылдык долбоор. Негизги максаттарынын бири жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Долбоор 2020-жылдан бери Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош областтарынын он муниципалитетинде жыйырма жарандык демилгени колдоп келүүдө, алардын ичинен сегиз демилге аягына чыкты.  Бул демилгелерге коомдук жайларды куруу, чоң көчөлөрдүн четине коопсуз тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдардын музыкалык билим алуу, инклюзивдик оюн аянтчаларынан пайдалануу жана мектептерде жылуу жана коопсуз дааратканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу сыяктуу долбоорлор кирет.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*