
Жол кырсыгы 8-июлда кечке маал Бишкек — Ош унаа жолунунун 171-чакырымында, Суусамыр өрөөнүндө катталган. ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан айдоочу рулду башкара албай оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу жана анын 58 жаштагы кайненеси окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын ичиндеги 14, 11 жана үч жаштагы балдары жаракат алып Бишкек шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.
Акыркы учурда кан жолдо кырсыктагандар көбөйдү. 7-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунда «Хонда Адиссей» жана «Тайота Эстима» үлгүсүндөгү машиналао кагылышып, 7 жаштагы бала менен 69 жаштагы киши мүрт кеткен.
ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.
Оставьте первый комментарий