Кайсы аймакта мектеп директорлору беш жылдан ашык иштеген? Инфографика

Кыргызстанда эң узак отурган мектеп директору 41 жыл иштеген. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов бүгүн, 13-июлда маалымат жыйында билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков ар бир директор канча иштегени тууралуу маалымат ачыкталбай турганын айтты.

«Тилекке каршы, ачыктай албайбыз. Бул жеке маалымат болуп саналат», -дейт ал.

Президенттин жарлыгы

Президент Садыр Жапаров мектеп директорлорун сынак менен тандоо боюнча жарлык чыгарды. Жарлыктын аткарылышын Билим берүү министрлиги көзөмөлдөйт, мамлекет башчынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жана айыл өкмөт башчылары министрликке жардам берет. 

Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлык 12-июлда мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды. Жарлыктын максаты — билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Сынактын шарттары кандай? 

  • жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
  • конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
  • кызмат ордунда беш жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет;
  • иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат. Ал белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер сыяктуу конкурстан өтүүгө укуктуу.

«Бул материал «Фейк көзөмөл» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*