
Учурда өлкөдө коронавируска байланыштуу кандайдыр-бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Мындай пикирин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин врач-эпидемиологу Венера Алымкулова «Т-Медиага» билдирди.
Анын айтымында, соңку эки аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар кайра каттала баштады. Көрсөткүч жума сайын өсүп жатат. Бирок бейтаптардын ичинен өтө оор абалдагылары аз, басымдуусунун абалы орто оор деп бааланып жатат.
«Дүйнө жүзүндө кырдаал татаалдап баратат. Көрсөткүчтөр да кескин көбөйдү. Анын катарында Кыргызстанда деле абал ошондой. Жума сайын мониторинг кылып жатабыз. Мисалы, 20-26-июнга карата илдет 29 адамдан катталса, 26-июндан 3-июлга чейин 48 жаңы учур аныкталды. 4-10-июлга чейин 114 кишиден коронавирус чыкты. Демек, оору эки эсе көбөйдү. Бирок булардын ичинен өтө оор абалдагы бейтаптардын саны аз. Себеби ооруканаларга кайрылгандардын басымдуусунун абалы орто оор болчу. Калгандарында илдет жеңил өтүп, үйүндө эле дарыланышты. Ошондуктан азыркы учурда карантиндик чараларды киргүзүүгө негиз жок. Чектөөлөрдү кырдаалга жараша гана карайбыз», -дейт ал.
Алымкулова 12-июлга карата бардык аймактар жашыл зонада экенин кошумчалады.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги да коронавирустун кезектеги толкунуна даяр экенин билдирген. Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекованын маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо, орундар жетиштүү. Дары-дармек да жетет. Ал эми дарыгерлер COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн.
Оставьте первый комментарий