Орусияда кароосуз калган 6 бала мекенине алып келинди

Сүрөттүн автору/ Ulan Asanaliev

Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган 6 бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчилик балдардын тиешелүү документтерин Орусиянын компетенттүү органдары менен биргеликте даярдап, 15-июлда аларды Кыргызстанга алып келген.

«Орусиядагы Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш улантылат» — деп айтылат маалыматта.

Эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Орусиядагы кароосуз калган ымыркайларды өлкөгө алып келүү аракеттери 2011-жылы башталган. Алар мекенине келгенден кийин жакындарына, айрымдары асырап алууга берилип келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*