Ошто турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

Ошто «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчиси алдымчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы 17-июлда кабарлады.

Шаардык милициянын маалыматынд кооперативдин жетекчиси алдамчылык, акча каражатын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алуу жана коротууга шектелип тергелип жатат.

«Бул кооперативге карата өлкөнүн ар кайсы аймактарынан даттануулар түштү. Жалпы компания тарабынан элге 18 миллион 188 миң 260 сом зыян келтиргени аныкталды» — деп айтылат билдирүүдө.

«Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси 16-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ош милициясы башка дагы аталган кооперативден жабыркагандар болсо (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлери аркылуу арыз калтырууга чакырды.

12-июлда Ички иштер министрлиги «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалганын билдирген. Министрликтин маалыматында жыл башынан бери турак жай кооперативдерине байланыштуу 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко өттү. Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*