Быйыл жол кырсыктары былтыркыдан азыраак катталды

Быйыл алты айда 3034 жол кырсыгы катталып, былтыркыдан 11%га азайды. Бул тууралуу Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Өткөн жылы бул убакыт аралыгында 3406 кырсык болгон. Министрдин маалыматында жыл башынан бери 10 миңге жакын рейд жүргүзүлдү.

Жол кырсыгынан каза болгондордун саны да 20%га азайган. 2020-жылга салыштырмалуу кырсыктан набыт болгондор былтыр 15%га өсүп, 9 айда 587 киши көз жумган.

Министрлик кырсыктын эң негизги себеби жол эрежелерин сактабагандык экенин айтып келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*