Ошто жарандар августтан тарта кичи автобустардын кыймылын онлайн көрө алат

Сүрөт Ош мэриясынын "Фейсбук" баракчасынан алынды

1-августтан тарта Ош шаарынын тургундары кичи автобустардын кыймылын үйдөн чыкпай эле көрө алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Ошто коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасын киргизүү долбоору жүрүп жатат. Анын негизинде шаардыктар OSHBUS мобилдик тиркемесинен эле ар бир кичи автобустун кыймылын реалдуу убакыт режиминде көрө алат.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 1-августка чейин бардык кичи автобустар системага кошулат.

Автор: Максат Боромбаев

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*