
Кыргызстанда былтыр жумушсуздардын саны 5%га азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып билдирди.
Статистикалык маалыматтар боюнча былтыр 15 жана андан улуу курактагы жумушка жарамдуу деп эсептелген жарандардын саны 2,7 миллионго жеткен. Алардын 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер, дээрлик 142 миңи жумушсуздар болгон.
Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу жумуш менен камсыз болгондор 4%га көбөйүп, жумушсуздардын саны 5%га азайганын көрсөткөн.
Жумушка жарамдуу курактагы эркектердин 72%ы ал эми аялдардын 42%ы иштейт. Учурда жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызды түзөт.
Расмий маалыматтар боюнча коронавирус пандемиясы жана көптөгөн бизнестердин жабылышынан улам 2020-жылы жумушсуздуктун деңгээли 4%га жогорулаган.
Оставьте первый комментарий