Эртең күндүн табы 41 градуска жетет

Эртең, 21-июлда күндүн табы 41 градуска чейин жетет. Кыргыз гидрометтин маалыматында өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41 градус ысык болот.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +38…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +31…+36 градус болот.

Аптаптан кантип сактанабыз?

Дарыгерлер дене ысыган сайын, кан тамырлар кеңейип, кан басымдын төмөндөшүнө алып келээрин айтып келишет. Тердөөнүн натыйжасында денедеги суу жана туз азайып, баланс бузулат. Мындан улам, адам салкын жерде болуп, эгер баланы көчөгө алып чыксаңыз сөзсүз баш кийим кийгизип, бат-бат суу берип туруу керек. Кийген кийимдин түсү, сапаты да дененин дем алышына жардам берет. Мисалы жаз-жай мезгилинде көбүнчө пахта жана жибек кездемеден кийим кийген оң. Бул өңдүү адистердин кеңештерин биздин атайын материалдан окусаңыз болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*