Өзбекстандан 5 миң кг дарбызды аткезчилик менен алып келе жаткан жаран кармалды

Баткенде Өзбекстандан 5000 киллограмм дарбызды мыйзамсыз алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Жүк жүктөлгөн унаа «Чоң-Гара» анклавында колго түшүрүлгөн. Андагы дарбыздардын наркы 100 000 сомду түзөт. Иш териштирилип бүткөнгө чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген.

Бажы кызматы айдоочуга 60 миң сом айып пул салды. Ошондой эле, эки эселенген 116 865 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү алынды.

23-июнда 300дөй жаран Аксыда митингге чыгып коңшу Өзбекстандан келген дарбыздын сапатын көзөмөлдөп, импортту азайтууну талап кылышкан. Учурда Үч-Коргон аймагында дарбыз бышып, базарда сатылууда. Дыйкандар жергиликтүү дарбыздын баасы түшүп, чыгашаны актабай калат деп кооптонуп турат.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү 24-июнда Өзбекстандан алып кирилген дарбыздардын сапаты көзөмөлгө алынаарын айткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*