
Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жаштагы кыз беш күндөн бери табыла элек. Ал куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-июлда билдирди.
Наристе 17-июлда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Жоголгон күндөн тартып жерине куткаруучулар жана суучулдар тартылууда. Издөөгө жергиликтүү тургундар да чыккан.
ӨКМдин маалыматы боюнча быйыл жыл башынан бери алты айда 38 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын 20сы жаш балдар. Былтыр бул мезгилде кырсыктан 62 жаран набыт болгон.

Оставьте первый комментарий