28-июлга чейин кургак жана ченемден тыш ысык болот

Кыргызстанда кургак аба ырайы жана адаттан тыш ысык 28-июлга чейин созулат. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматы билдирди.

Абанын табы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында 37…42º,  Чүйдө 41º, Нарында 35º, Таласта 39º, Ысык-Көлдө 34 градуска чейин жогорулайт.

Адистер мындай ченемден тыш ысык аба ырайы учурунда денеге ысык өткөрүп алуудан сактанып, күн ачык жерлерлерге көп чыкпай турууну эскертишкен. Өсүмдүктөрдү да кургатпай суугарып туруу зарыл.

Дарыгерлер дене ысыган сайын, кан тамырлар кеңейип, кан басымдын төмөндөшүнө алып келээрин айтып келишет. Тердөөнүн натыйжасында денедеги суу жана туз азайып, баланс бузулат. Кийген кийимдин түсү, сапаты да дененин дем алышына жардам берет. Мисалы жаз-жай мезгилинде көбүнчө пахта жана жибек кездемеден кийим кийген оң. Бул өңдүү адистердин кеңештерин биздин атайын материалдан окусаңыз болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*