Ош шаарынын “Манас-Ата” жана “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгында мыйзамыз жерге орнотулган (тротуарларга) 20дан ашык жарнак тактайлар (штендер) алынды. Дагы 25тен ашуун ишкерге эскертүү берилди.
Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына келтирүү иштери уланууда. Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы аталган аймактагы соода объектилериндеги бардык көрнөк-жарнактарга рейд жүргүздү.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, алдын ала түзүлгөн графиктин алкагында “Манас-Ата” жана “Амир-Тимур” МАБдарында 200дөн ашык коммерциялык объектилер текшерилди. Анда соода жайлардын жана имараттардын фасадындагы жарнактардын ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Көрсөтмөлөрдү алып мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.
Оставьте первый комментарий