
25-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 128 учуру катталды. Бул тууралуу ССМнын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын ичинде:
95 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, калгандары илдетке чалдыккандар менен байланышкандар, айрымдары башка өлкөгө учуу алдында ПЧР-тест тапшырууда аныкталгандар.
Аныкталган учурлардын 90% (116 адам) амбулатордук дарыланууда, анткени оору жеңил өтүүдө жана бул бейтаптардын абалын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көзөмөлдөшүүдө.
Бардык катталган учурлардын 80% Бишкек шаарында, 11% — Чүй облусунда.
Калган туруксуз учурлар облустарда орун алган.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык Бишкек шаары сары, калган облустар жашыл зонада турат.
Эпидемиологиялык абалды баалоого ылайык COVID-19дун катталган учурларынын өсүшү июнь айынын аягынан тарта байкалууда.
Жөнөкөй эрежелерди сактоону улантуу зарыл:
Колдун гигиенасы, соода түйүндөрүнө, базарларга, парктарга барганда беткап тагынуу.
Ал эми оорунун белгилери пайда болгон учурда ишке чыкпоо, беткап тагынуу, жөтөлүү этикетин сактоо жана оорунун күчөп кетишине жол бербөө үчүн милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылуу керек.
Эгерде эмдөөдөн өтө элек болсоңуздар вакцина сайдыруу зарыл. Эмдөө ооруну жеңил жана татаалдашуусуз жеңил формада өткөрүүгө жардам берет.
Оставьте первый комментарий