Кызматынан бошотулган директорлордон кандай кат талап кылынды? Президенттин указы мыйзамга каршы келеби? Фактчек

Социалдык тармактарда Кара-Суу районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон мектептин директорлору билим берүү бөлүмүнүн башчысынын атына кат алып келиши керектиги жөнүндө маалыматтар  тарады. Анда Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын атына депутат директорлор, өздөрүнүн айылдык кеңешинин төрагасынан «директорлукту улантууга макул болгон» кат тапшыруу керектиги боюнча жазылган.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрайымы Нуржан Исраилова «Т-Медиага» бул кат 5 жылдан ашуун мектеп директору болуп иштеген, ошол эле учурда айылдык кеңеште да депутат болгондорго тиешелүү экенин билдирди. Ошондой эле бул иш Ош билим берүү институтунун айтканы боюнча жүрүп жатканын айтты.

«Президенттин жарлыгы чыккандан кийин биз, бүт райондогу мектеп директорлорунун эмгек стажын карап чыкканбыз. Жалпы 132 мектептин ичинен 58 мектептин директорунун ордуна конкурс өтө турган болгон. Анын ичинен 10 мектептин директору биздин айылдык кеңештерде депутат экен. Бул кат ошол директорлорго жазылган. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 25-беренесине ылайык, айылдык кеңештин төрагасынан кат алып келгиле деп айтканбыз. Бирок, бул аларды конкурска катыштырбоо үчүн эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бул билдирүү министрликтин тиешелүү кызматтарына жиберилгенин, алардын комментарийине карап чара көрүлө турганын билдирди.

«Мектеп директору 5 жылдан ашык иштеген болсо, кызматынан четтетилип кайра сөзсүз конкурс өтөт. Бул тараган маалымат, тиешелүүлөргө жиберилди. Жарлык аткарылыш керек», — деди билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Мырзабеков.

Ал эми Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү себеп кылган жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамда төмөнкүдөй жазылган.

25-статья. Депутаттын эмгектик жана башка укуктарын коргоо

Жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында — жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес.


Жарлык менен мыйзам бири-бирине карама-каршы келет

Практикалык жактан алганда президенттин указы менен бул мыйзамдын нормасы бири-бирине каршы келип жатат. Президент указы менен жумуштан бошотуп жатса, директор айылдык кеңештин депутаты болсо мыйзамда 25-берененин нормасы эске алынышы керек.

«Бул мыйзам президенттин указынан иерархиясы боюнча жогору турат. Президенттин указында депутат директорлор деп белгилеген эмес. Мыйзам указдан жогору. Райондук билим берүү бөлүмүнүн талап кылганы туура эле. Министрлик деле жарлыкты аткарыш керек. Бул жерде указ менен мыйзамдын карама-каршылыгы болуп жатат. Эми бул жагдайда указга кошумча өзгөртүү  киргизип “депутат болгон директорлордон сырткары” деп коюш керек. Мыйзамга өзгөртүү киргизсе узак болушу мүмкүн. Башка жолу жок. Менимче президенттин указына өзгөртүү киргизип 25-беренери эске алып коюш керек же болбосо мыйзамга өзгөртүү киргизип ошол беренени алып салыш керек болот», — дейт юрист Асылбек Кунгуров.

Жыйынтык: Райондук билим берүү бөлүмү айылдык кеңештин депутаты болгон директорлордон кат талап кылып жатканы чын.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*