
13-июлда koom.press басылмасы «Тажикстанда күч менен армияга алып кетүү уланууда. Аны видеого тарткандар эми жоопко тартылат» деген баштема менен макала жарыялаган. Анда өлкөнүн Коргоо министрлиги «Административдик укук бузуулар тууралуу» кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасына алып чыкканы айтылат.
«Т-Медиа» маалыматты текшерип көрдү.
Жыл сайын тиешелүү видеолор тарайт
Тажикстандагы жергиликтүү жана эл аралык басылмалардын маалыматына ылайык, өлкөдө жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт.«Настоящее время» телеканалы да 2019-жылы бул тасманы жарыялаган. Андан чак түштө эле жаш жигитти бир нече адам автоунаага күчтөп салып жаткан кадрлардын үзүндүсүн көрүүгө болот. Жоокерлердин жакындарынын айтымдарында, жыл сайын жазында жана күздө аскер комиссариаттары жаш жигиттер үчүн «аңчылыкка» чыгышат. Аларды үйдө, көчөдө, коомдук транспортто кармашат. Аскерге чакырылбагандарды да алып кетишет.
«Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, ал өлкөдө жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда «жоокерлерге аңчылык» же жаштарды мажбурлап алуу, ошондой эле аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин сабалып, каза болгон учурлары тууралуу көптөгөн видеотасмалар жарыяланып келет.
Тажик бийлиги маалыматты төгүндөп, аны тараткандарды жазалоону демилгеледи
Тажик бийлиги бул маалыматты төгүндөп келет жана жалган деп баалайт. Мындан тышкары тасма тартып жайылткандарды жазалоо демилгесин көтөргөн. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда өлкөнүн Коргоо министрлиги армия тууралуу «жалган маалыматтарды», анын ичинде «өспүрүмдөрдү аскерге күч менен алып кетүү учурлары тартылган видеолорду» таратуу үчүн административдик жаза киргизүүнү сунуштаганы маалым болгон. Мекеме «Административдик укук бузуулар тууралуу» кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасына алып чыккан. Тажик бийлиги жалган маалымат таратуу — калктын армияга болгон ишеними менен колдоосун азайтып, өлкөнүн кадыр-баркына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизе турганын билдирүүдө.
«Азия-Плюс» агенттиги 12-июль күнү ушул эле маалыматты Коргоо министрлигине таянып жазган. Мекеме журналисттерге «Кээ бир ЖМКлардын кызматкерлери жана бир жактуу максаттарды көздөгөн башка адамдар тарабынан армия жөнүндө жалган маалыматтар көбөйдү. Биздин бул сунуш фейктерге каршы күрөштүн жаңы жолдорун издөөнү, анын ичинде өлкөнүн «Административдик укук бузуулар тууралуу» кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат» деген жооп айткан.
«Ховар» маалымат агенттиги да тажик бийлиги армия тууралуу «фейк» маалыматтарга жаза киргизүүнү сунуштап жатканын кеңири баяндап берген.
Аскерге чакыруу жаз жана күз айларында өтөт
Тажикстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө өтөт. 18-27 жаштагылар аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү. Бул жылы жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 1-апрелде башталып, майдын аягына чейин аяктаган.
Бурмаланган баштема
Ал эми koom.press басылмасынын макаласы 13-июлда жарыяланган жана бүгүнкү күнгө карата өчүрүлгөн. Макаланын баштемасы «Тажикстанда күч менен армияга алып кетүү уланууда. Аны видеого тарткандар эми жоопко тартылат» деп аталганы менен, анын мазмунунда тажик бийлиги демилгелеген мыйзам тууралуу гана айтылат.
Жыйынтык: жартылай чындык: армияга жаз жана күз айларында чакыруу болгондуктан, учурда жарандарды армияга күч менен алып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Бирок буга чейин «жоокерлерге аңчылык» болгонун жергиликтүү жана эл аралык басылмалар жазып келет. Тажик бийлиги бул маалыматты четке кагат жана ал тууралуу видео тараткандарды «жалган маалымат» үчүн жазага тартууну көздөөдө.
Оставьте первый комментарий