«Жаңы асфальт эскинин үстүнө төшөлүп жатат». Кадамжай-Айдаркен жолунун оңдолушу талкууга түштү

Соцтармакта Баткен облусунун Кадамжай-Айдаркен жолун курууда эски асфальттын үстүнө эле жаңысы төшөлүп жатканына тургундар нааразы болгон тасма тарап жатат. Бийлик муну жолду жаңыдан куруу эмес, оңдоп-түзөө тапшырмасы гана болгону менен түшүндүрдү. 

27-июлда социалдык тармак колдонуучулары тарабынан Кадамжай-Айдаркен жолунун курулушу жүрүп жатканы тартылган видео тараган. Аны бөлүшкөн колдонуучу куруучулар эски асфальттын үстүнөн эле жаңысын төшөп башташканына нааразы болуп, маселени президент өз көзөмөлүнө алуусун суранган.

«Бул боюнча азыр жергиликтүү эл кайсы жакка, кимге кайрылып суроолоруна жооп алаарын билбей турушат. Өзүңүздөр видеодон көрүп тургандай эле, эски асфальтты бузбастан анын үстүнөн жаңысын төшөп башташты. Бир эле катар! Демек, экинчи катары кайда кеткенин бир кудай билет. Мындай ыкма менен курулган жолдун өмүрү өтө кыска болот», — деп айтылат кайрылууда.

«Кыргызавтожол» ишканасынын Баткен филиалынын жетекчисинин «Т-Медиага» билдиришинче бул жолду оңдоо иштери пландалгандай жүрүп жатат. Тасмадагы көрүнүш жолдун жарактан чыккан чуңкурларын алгандан кийин тегиздеп жатканда тартылган. Анын үстүнөн дагы бир кабат асфальт басылат. Башкача айтканда жолдогу эски асфальтты толук алып жаңыдан куруу эмес, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырылган.

«Эки компания куруп жатат. Чукур болгон жерлерди тегиздеп жатат. Анын үстүнө кеңдиги  7 метр асфальт салынат. Эски жолдон 2-3см отуруп кеткен жерлер бар. Ошону түздөп жатат. Карапайым эл аны түшүнбөй, дүрбөлөң кылышууда», — дейт «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын директору Ашым Үсенов. 

Кадамжай-Айдаркен жолунун жалпы 54 киллометри оңдолот. Ага болжолдуу 500 миллион сом коротулат. Бирок тургундар мындай оңдоодон өткөн жолдор көпкө сакталбай жатканына нааразы. Жолдун тасмада тартылган бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан  «Тактика» ЖЧКсынын башчысы Мирбек Сатиев анын узак чыдашы, туура пайдаланууга гана байланыштуу болот деп түшүндүрдү. Ал эми жаңыдан асфальт салууга мындан үч эсе көп акча жумшалмак.

«Биз жолдун 20 чакырымын жасайбыз. Азыр сметалык баасы чакырымына 7-10 миллион сомдон эсептелип жатат. Эгер башынан жол курсак 30-40 миллион киллометрине эсептелмек. Элдер ремонт менен жол куруунун айырмасын түшүнбөй жатат. Өтө бузулуп кеткен жерлер алынып анан тегизделип жатат. Анын үстүнөн дагы асфальт төшөлөт. Оор жүк жүктөгөн унаалар көп жүрсө бардык эле жол узак чыдабайт. Салгандан кийин пайдаланышты да билишибиз керек». 

Кыргызстанда быйыл жол курууга 16 миллиард 543 миллион сом бөлүнүп, 661,5 чакырым жолду оңдоо пландалган. Анын ичинде Баткен облусунда 91 км жол оңдолот. Кадамжай-Айдаркен жолунун курулганына 50 жылга чамалап калган. Аны оңдоп-түзөө жумуштары июль айынын башында башталды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*