Такыр баскан жайыттар. Чөбү жок жайлоодон арык түшкөн мал-жандыктар…
Жайында жайлоого кеткен мал-жандык күзүндө арык болуп түшүп жатат. Анткени жайыттарда чөп жок, такыр болуп кеткен дешет тургундар. Мындай көйгөй акыркы 5 жылда күч алган. Жергиликтүү бийлик маселени чечүү үчүн тийиштүү органдарга бир топ сунуштарды жиберип, учурда жыйынтыгын күтүп жатканын билдиришти. Ал эми адистер жайыттарды кантип жакшыртуу керек жана туура пайдаланууну айтып беришет.
Папан айыл өмөтүнүн туругундары жеке ишкерди айыптап, Жол-Чырак жайлоосундагы жайытты бузуп, жол салып жатат деп бийликке бир канча ирет кайрылышкан. Алардын айтымында аталган жайлоодо 50,60 жылдан ашык убактан бери малдарын багып келишкен. Өлкөдө жайыт маселеси курчуп турган кезде Папан айыл өкмөтүнө караштуу жайыттын 6 чакырым жерине жол салынганына нааразы болушууда. Буга чейин жол болгонуна карабай мыйзамсыз жайытты бузду деп даттанып жатышат.
Кылычбек Капаров - Карагур айылынын тургуну
Субанов Абжапар деген киши жайлоодогу жайыттарды бузуп мыйзамсыз жол салып алды. Мындан улам элде бир канча көйгөй жаралган. Учурда мал жандыкты жайытка жайа албай калдык. Жаан-чачын көп болуп, кар да жаагандыктан малдар да өлдү. Эл жеке ишкерден жолду калыбына келтирүүнү талап кылат.
Мал жайганга кооптуу болуп жатат деген жергиликтүүлөр, президенттен бул маселеге көңүл бурушун суранышат. Учурда жер кыртышы бузулгандыктан таш кулап жатканын айткан эл, балдары үчүн убайымда.
Папандын Жол-Чырак жайлоосу. Жыл сайын ушул эле конушка ондогон үй-бүлө келишет. (Жайлоода жай айында тартылган. Аба ырай тез өзгөрүп турат.)
Тургундар жайыттын бузулганын айтып даттанууда.
Жеке ишкер көмүр кенге баруучу ушундай жол салып койгон. Бул Папан айыл өкмөтүндөгүлөрдүн жайыты эле.
Жергиликтүүлөр жол салынгандан кийин жердин кыртышы бузулуп, таш кулуп жатат деп арызданууда.
Салынган жолдун жогору тарабынын көрүнүшү
30 жылдан бери мал баккан Маматкалы Чолпонбаев да мына ушул жайлоодо күнүн кечирет. Жыл сайын айылдагылардын малын алып келген жаран быйыл жайытка жол салынып калгандыктан, мал-жандык арык болуп калат деп кооптонууда. Маматкалы мырзага окшоп бул жайлоого чыккан ондон ашык үй-бүлөнү жайыт маселеси ойлондуруп жатат.
Мен ушул жерде 30 жылдан бери кой багам. Балдарымды дагы ушул ишим менен багам. Карды көрүп жатасыңар, жашоо шарт оор. Бул жерге жол келгенине 12 жыл болду. Мен 30 жылдан бери өкмөттөн коркуп, короого жол сүрдүрүп барган эмесмин. Быйылкы жылы коороонун алдынан да, үстүнөн да жол барыптыр. Ошого койлор дагы жайытка жакшы жайыла албай жатат.
Маматкалы Чолпонбаев
Карагур айылынын тургуну
Келечегибизди коргоп алышыбыз керек. Бул жайыттар балдарыбызга калуучу нерсе. Биз 50-60 жашка чыгып калдык. Дагы келебизби келбейбизби ким билет. Жайлоонун бул бетинде мен жайгашканмын. Койлорубуз жолдон жогору чыга албай, азыр айлантып айдоого мажбурбуз. Абам дагы ошентип жатат. Өзүңүзөр көргөндөй койлор жолдун ылдый тарабында турат. Жогору чыга алышпайт.
Жалалидин Капаров
Карагур айылынын тургуну
Биз дагы бала-чака багабыз деп, жайлоого келип малыбызды багабыз. Эми бул бетке бир дагы мал жайыла албайт. 2 короо койду кичине эле жерде айлантып жүрүшөт.
Асан Жумабеков
Карагур айылынын тургуну
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы жеке ишкер Субанов Абжапар жайытты мыйзамсыз бузганын ырасташып, бул ишти Кара-Суу райондук прокуратурасына өткөрүп бергенин билдирди.

Мыйзам бузду делген ишкер аталган жайлоодо 13 жылдан бери көмүр кенди иштетип келет. Ал кошумча башка аймактан да карьер ачууну пландап, ага баруучу эски жол болгонуна карабай, дагы бир жолду курган. Абжапар Субанов менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыкпады.
Жайыттын тартыштыгы кандай көйгөй жаратат?
Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын саны көбөйүп, жайыт жерлер кыскара баштаган. Адистер жайытты туура эмес пайдалануу бир топ көйгөйлөрдү алып келерин эскертишет.
Видео: Даяна Данияр кызы
"Азыркы жайыттар жакыр!"
Кадамжайдагы жайыт комитетинин мүчөсү Асан Шамшиевдин айтымында жайыт 1990-жылдары кыскара баштаган. Анткени токойду кеңейтебиз дешип, жайыттын жерлерин токой чарбачылыгына өткөрүп беришкен. Ал жерлерге арчадан баштап, түрдүү бак-дарактарды эгишкен. Мындан улам жайыттын аянты кескин түрдө кыскарган. Мындан сырткары жыл сайын гектарлаган жайыттар иштен чыгып келет.
Асан Шамшиев
Кадамжай районунун тургуну
Жайыттар азыр такыр, мал жегенге чөптөр жок. Күндүн ысыктыгы да таасир берип жатат. Мурда Кадамжайдан алыскы Алайдын жайлоолоруна барып жайытты пайдаланганга ураксаат бар эле. Андан бери нечендеген мыйзамдар кирип, өзгөрүүлөр болду. Азыр болсо ал жерлер Алайдын тургундарына берилип кеткен. Жайыт Баткенде тартыш. Анысы аз келгендей жакыр. Токой чарбачылыгына өтүп кеткен жерлерге көп жылдан бери мал баскан эмес. Акыркы 2-3 жылдан бери көчөтү өсүп калган токойдо малды жайууга уруксаат берилип калып, кичине болсо да жакшы болду.
Төмөндөгү сүрөттө такыр болгон жердин ортосунда жашыл чөп өсүп турат. Ал жерди тосуп, мал бастырбай карашкан. Мындан улам бир канча убакыт жайыт катары колдонбой, ага мал-жандык өткөрбөсө жайыттар кайра оңоло баштайт.
Өлкөнүн бардык аймагында жайыт маселеси жаралууда. Жайыттын жыл сайын кыскарып бара жатканын Улуттук статистика комитети жарыялап турат. Кыргызстандагы жайыттын аянты жыл сайын кыскарып бара жатканын көрсөңүз болот.
Ал эми Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 млн. гектардан ашат. Аталган жайыттардын картасына көз чаптырыңыз.
2006-жылдан 2016-жылга чейин жайыт аянты 10%га, 2020-жылы дагы 25 миң гектарга кыскарган. Буга жайытка мал-жандыкты белгиленген нормадан көп кармаганы себеп болот. Жайыттын аянты айыл өкмөттөгү элдин санына жараша бөлүнөт. Ал эми норма боюнча 1 гектар жерге 1,6 шарттуу баш мал туура келиши керек.
Жергиликтүү бийлик маселени чечүүдө кандай иштерди алып барып жатат?
Жыл сайын малды жайытка чыгаруу боюнча атайын буйрук чыгарылат. Анда май айынын онуна чейин мал кармаган жарандарды жайлоолорго чыгып кетүүгө тапшырма берилет. Ош облусу боюнча жалпы жайыт 1 млн 2 жүз 35 миң гертар болсо, анын 550 миңдин тегерегиндегиси гана пайдаланылат. Калгандары токой чарбасына караштуу жерлерде, такыр, чөп өспөгөн жайыттар. Ал эми калган жайыттарда малды белгиленген нормадан ашыкча карагандар көп.
Маматжалил Токторбаев
Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
Жайыт талашкан учурлар кездешип жатат. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу аз арыз келип түштү. Алардын баары чечилип берилген. Биз жайыттарды калыбына келтирүү үчүн 2022-жылы атайын Айыл чарба министирлигине сунуштарды бергенбиз. Анда жайыттарга чөптөрдү коюлатып эгүү каралган. Мисалы Советтер Союзу мезгилинде ушул ыкма менен жайыттарды калыбына келтирчүү экен. Чет өлкөлүк ишкерлер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Атайын дрон менен 5 кг үрөндүү себүүгө болот экен. Бирок мында каражат маселесин чечүү керек.
Жайытка нормадан ашык мал барбай тургандай кылып көзөмөлдөш керек!
Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдижапар Аккулов жайыт маселесин дайыма көтөрүп келет. Анын айтымында жарандар ага тез-тез кайрылып, бийликтен маселени чечип берүүсүн суранышкан. Мындан улам эл өкүлү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, анын орун басарына ушул маселе боюнча кайрылып бир канча сунуштарды бергенин айтат.
Абдижапар Аккулов
Ош шаардык кеңешинин депутаты
Президенттин Оштогу ыйгарым укутуу өкүлү Зиядин Жамалдиновго кат түрүндө кайрылдым. Анда жакынкы жайыттар өтө талкаланып кеткенин, буга 2000 кой бара турган жерде, 10 миңдеген мал-жандык багылып жатканы себеп экени көрсөтүлгөн. Айыл өкмөттөр жайыттарды көзөмөлдөп, алыскы жайыттарга да барууну колго алыш керектигин катта камтылган. Мындай иш кайталана берсе, жайытсыз калабыз. Ансыз да чөптүн түрлөрү жыл өткөн сайын жок болуп жатат. Жайыттарда мал жей турган эмес, жарамсыз чөптөр чыгып калды. Бул нерсе түздөн-түз чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Мыйзамда дагы жайытка ченелүү гана малды жаюу көрсөтүлгөн. Ошонун иштөөсүн көзөмөлгө алып, тапшырмаларды берүү керек. Жайыт такыр болуп, аскалардан чөп издеп учуп кеткен малдардын тарптары адам буту баспаган жерлерде жатат. Жаан чачында сел агызып, Ак-Буурага кошулган фактылары бар.
Жайыттарды алмаштырып пайдалануу керек
Орхус борборунун түштүктөгү жетекчиси, эколог Каныбек Исабековдун айтымында жайыттарды кезеги менен алмаштырып пайдалануу керек. Бул дегени жайыттын бир бөлүгүн эс алдырып, калган бөлүгүн иштетүү. Ал эми кийинки жылы 2-бөлүктү иштетүү керек.
"Бардык жайыттарды тегиз иштетип, малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындан сырткары жайыт жерлерди бузуу менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүнү токтотуу керек. Ал үчүн алыскы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртып, атайын чөптөрдү себип, малдын санын көзөмөлдөө керек. Бизди курчап турган дүйнөнүн абалы ар бирибизден көз каранды",- дейт Каныбек Исабеков.
Бир жайда 2-3 жайыт которсоң мал семиз болуп, жайыттар кыйрабайт
Кара-Кулжа районунун тургуну Токтосун Жанузаковдун айтымында жайында 2 жайыт которушат. Алгач айылдан анча алыс эмес жердеги жайлоодо бир айдай отурушса, күзгө чейин алыскы жайлоодо болушат. Айылдагылардын дээрлик баардыгы мына ушинтип малдарын багышат. Мындай ыкма мал-жандыктын семиз болушуна шарт түзөт.
Май айынын башында эле айылдан 1 сааттык аралыктагы жайлоого көчүп кетебиз. Ал убакта чөп жакшы эле көтөрүлүп калат. 1 айга жетпей жайыт суюлуп, чөп кескин азаят. Июнь айынан баштап, чоң жайлоолорго кетебиз. Алар айылдан бир топ эле алыс болуп, 3-4 саатта жетебиз. Ал жердеги чөптөр өтө таза болуп, малга керектүү баардык витаминдер болот. Ошол эле жайлоодо 1-2 ирет конушун которуп, малын баккандар да кездешет. Сентябрдан өтүп бул жайлоого суук түшкөндө кайра жакынкы жайлоолорго барып, кеч күзгө чейин малды тоюттандыргандар көп. Бир жайда мал 2-3 жайыттан чөп жеп, семиз болушат.

Токтосун Жанузаков
Кара-Кулжа районунун тургуну
2017-жылы Кыргызгипрозем атайын өлкөдөгү жайлоолорду коргоо боюнча бир канча сунуштарды иштеп чыгышкан. Анда жайлоону үнөмдүү пайдаланууга элди үйрөтүү, жайлоолорду калыбына келтүрүүчү бир канча сунуштар камтылган.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.