Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды

Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10.02 мүнөттө жол каттамдары эки тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, болжол менен 20 -22 миң куб кум-шагыл тазаланган.

Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129 чакырым аралыгында жана 131 чакырымда сел жүрүп Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.

Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип Бишкек – Балыкчы– Нарын жана Балыкчы– Нарын– Бишкек  каттамына автоунаалар өткөрүлүп келген.

Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер иш алып барган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*