
Кечээ, 30-июль күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен, Таш-Көмүр шаарында 10го жакын турак үйдүн ичин жана 1 көп кабатуу турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулар кирип, ички чарбалык жолду кум аралаш шагыл каптаган.
Жеринде ӨКМден 40 куткаруучу тартылып суу сордуруучунун жана кол каражаттарынын жардамында тазаланган.
3 техника тартылып ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.
Оставьте первый комментарий