Адам канчалык ысыкка чыдай алат?

Иллюстративдик сүрөт

Социалдык тармактарда адам баласы жашоого мүмкүн болгон эң жогорку температура +56°С деп айтылды. Билдирүүдө бул көрсөткүчтөн ашкан соң, өпкө канды муздата албай калары жана адам өлүмгө дуушар болору айтылат. Ошондой эле 23-июлга карата Кыргызстанда абанын температурасы көлөкөдө +46° С болгону белгиленген. 

Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин T-media текшерип көрдү. 

Эң жогорку температура

1913-жылы дүйнөдөгү эң жогорку температурадагы аба ырайы АКШнын Өлүм өрөөнү (Death Valley) аймагында катталган. Күндүн табы 56,7 °С болуп, Гиннестин рекорд китебине кирген.

Сүрөт: theguardian.com

2020-жылы «Нью-Йорк Таймс» гезитинин журналисти Блумингтондогу Индиана университетинин доценти, изилдөөчү Захари Шладерден биздин денебиз экстремалдуу ысыкты кантип башкарарын, идеалдуу шартта кадимки адам көтөрө ала турган эң жогорку температура жөнүндө сураган. Ошондо ал кабарчыга 2014-жылы Сидней университетинин Термоэргономика лабораториясындагы Олли Джей жана кесиптештери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнү жөнөткөн. Изилдөө көрсөткөндөй, эс алып, минималдуу кийинген, өтө кургак бөлмөдө (салыштырмалуу нымдуулук 10%) жана дайыма сууну ичкен адам 46°Cга чейинки аптаптан сактанышы мүмкүн. 

Организм +36.5 градус температураны сактоого аракет кылат

Англиянын коомдун саламаттыгын сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ысык денеге ар кандай таасир тийгизет. Маселен, дене ысыган сайын кан тамырлар кеңейе баштайт. Бул кан басымдын төмөндөшүнө алып барат да бүт организмдин булуң-бурчуна канды айдап туруусу үчүн жүрөктүн көбүрөөк иштешин шарттайт. Кан тамырлар бекем болбогондуктан, мындан улам денеде кызыл тактар же буттун шишиши сыяктуу жеңил симптомдорду пайда кылат. Ошол эле учурда тердөөнүн натыйжасында денедеги суу жана туз азайып, эң эле маанилүүсү, организмдеги суу менен туздун балансы бузулат. Бул кан басымынын төмөндөшү менен коштолуп олтуруп, ысыктын уруусуна алып барат.

Уюмдун адистери борошолоп кар жайбы же мээ кайнаткан аптап болобу адамдын организми негизги эле +36.5 градус температураны сактоого аракет кыларын белгилешкен. Дал ушул температурада биздин денебиз иштөөгө ылайыкташкан. 

Күндүн ысышы өмүргө кооптуу

2013-жылы Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы Австралиядагы рекорддук чекке жеткен ысык боюнча макала жарыялаган.  Анда температуранын болуп көрбөгөндөй жогорулашы адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган токой өртүнүн чыгышына алып келгенден сырткары, дагы бир коркунуч  — дененин өзү үчүн да коопту экени айтылат. Ашыкча температура денеге стресс жаратат деп белгиленген.

2021-жылкы АКШнын Washington Post гезитине чыккан макалага ылайык, Индиана университетинин доценти Захари Шладер: «аномалдуу ысыктан көп адамдар өлөт. Бирок көпчүлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болот. Организм ысыктан органды аялуу кыла тургандай реакция кылат», деп билдирген.  

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дене үчүн оптималдуу аба температурасы 18°С жана 24°С ортосунда болорун маалымдаган. Андан ашканда тобокелдиктер көбөйөт.

Ысык биринчи кезекте кимдер үчүн кооптуу?

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, температура 35 градуска чейин көтөрүлгөндө, жогорку нымдуулук менен бирге ден соолукка коркунуч жаралат. Абанын табы 40ка жеткенде нымдуулуктун төмөн деңгээлинде да коркунучтуу болушу мүмкүн. 50 градуста коркунуч дагы да жогорулайт. Бул учурда кары-картаңдар, ымыркайлар жана жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле жүрөк же дем алуу көйгөйлөрү сыяктуу өнөкөт оорулары бар адамдар катуу ысыкка кабылышат. Жашы өтүп калгандар же жүрөк оорулары сыяктуу көпкө созулган илдеттери бар адамдар аптаптын денеге тийгизген таасиринин кесепеттери менен күрөшүүдө алсызыраак келишет.

Жыйынтык: чын. Дайыма суу ичкен адам 46°Cга чейинки аптаптан сактанышы мүмкүн. Абанын температурасы андан жогору болгондо адамдын өмүрү үчүн кооптуу жагдайлар жаралат. 

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*