Оштогу алтын базар эмнеге ижара акы төлөбөй келген?

Ош шаарынын базар көчөсүндө (Шейит-Дөбө) жайгашкан мэриянын балансындагы алтын базар эки жылдан бери жергиликтүү казынага эч кандай ижара акысын төлөбөй келген. Мындай факт Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аныкталып учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жалпы аянты 27 сотых болгон жайга коммерциялык багытта мамлекеттик акт алынган.

Атайын тариф боюнча кичи базар ай сайын болжол менен 292 032 миң сом ижара акы төлөшү керек болгон. Бирок мекеме менен келишим түзүлгөндө ижара акысы дээрлик эки эсе азайтылып, 111 608 миң сом деп көрсөтүлгөн. Бирок бул сумма да эки жыл бою төлөнгөн эмес.

Эгерде тарифте көрсөтүлгөн суммада ижара акысы төлөнүп турган болсо жергиликтүү бюджетке болжолдуу 7 млн сомдон ашуун киреше түшмөк.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин айтымында учурда аталган жайда 200гө жакын субъект иш алып барат. Алар базардын ээсимин деген жаранга айына 800 сомдон 1500 сомго чейин акча төлөп турушкан.

«Папканы бекитип олтурушат же жок болуп кеткен. Мамлекеттик актысы бизде турат. Убагында келишим түзүлгөн экен. Бирок азыр ошол папканы таппай жатабыз. Кызматкерлер бар дейт, бирок чыкпай жатат. Эч ким билбейт. Иштетип жаткан адамдын юристи келет деп жатышат. Бирок бизге жолуга элек. Алар төлөп жаткан документтин көтөрүп келет деп жатышат. Ички териштирүү бүткөндөн кийин чара көрөбүз. Укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жөнүндө кат жөнөтөбүз»— деди Дастан Мурзалиев.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдижапар Аккуловдун баамында базарга тиешелүү келишимдин мыйзам бузуу менен түзүлгөнү, тиешелүү документтердин жок болуп жатышы, Ошто анын ичинде базарда көмүскө экономика күчтүү экендигин далилдеди. Эл өкүлү, бул бир адамдын эмес, бир нече адамдын кийигилишүүсү менен ишке ашышы мүмкүн деп эсептейт.

«Быйыл биз бюджетти бекитип жатканда базардан түшчү жалпы кирешени 5 млн сомго көтөргөнбүз. Мурда 1,5 млн сом гана төлөп келген экен. Көмүскө экономиканын гүлдөп өнүккөн жери базар. Ал бир эле соодагерлер эмес, анын үстүнөн калкалап тургандардын жүзү да ачыкталып калды десек болот. Эми ачылган нерселерге кандай чара көрүлөт бул мэрдин түздөн түз жоопкерчилигиндеги иш» – дейт Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдижапар Аккулов.

Юрист Асылбек Коңгуровдун айтымында мындай шартта ижара алгандардын гана эмес, ижарага берген тараптын да жоопкерчилиги каралышы керек. Тиешелүү кызматкерлер жасалма келишим түзүү же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен жоопко тартылышы мүмкүн.

«Жоопкерчилик келтирилген чыгымдын өлчөмүнө жараша болот. Бул администртативдик айып пул төлөөдөн тарта  кылмыш жоопкерчилигине чейин каралат. Эгерде дело табылбай жатса, аны сактоо жоопкерчилигин алган тараптын да жоопкерчилиги каралышы зарыл»— дейт Коңгуров.

Ош шаарында көмүскө экономика күчтүү экени айтылып келет. Бул маалыматты муниципалдык менчик башармалыгы да моюнга алып, алдыда жашыруун иш алып барган жайларга аныктоо иштери жүргүзүлөөрүн билдиришти.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 18 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*