Өзбекстандын эки шаарындагы көчөлөргө Усама бин Ладендин атын берүү сунушталдыбы?

Сүрөт: www

30-июлда Андрей Серенко телеграмм каналында Өзбекстандын Бухара жана Самарканд шаарындагы көчөлөргө «Аль-Каиданын» (террористтик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) негиздөөчүсү жана биринчи лидери Усама бин Ладендин ысымын ыйгаруу өтүнүчү болгонун жазып чыкты. 

Анда Өзбекстандагы белгилүү диний блогерлер өлкө жетекчилигине Бухара жана Самарканд көчөлөрүнүн бирине Усама бин Ладендин ысымын ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылышканын Ташкенттеги булактары ​​кабарлаганын жазып, кенен маалымат кийинчерээк деп калтырган.

Биз бул мааалыматты ачык булактардан карап чыктык. Бирок, коңшу өлкөнүн расмий сайттарында жана ЖМКларында да бул боюнча маалымат жок.

Усама бин Ладен ким? 

Усама бин Ладен 1957-жылы Сауд Аравияда туулган. Ладендер үй-бүлөсү Сауд Арабиядагы эң бай кландардын бири деп саналган. Усама бин Ладен өзү Саудиянын жарандыгынан 1994-жылы эле кол жууган. Буга анын террорчул-согушчул аракеттери жана үй-бүлөсү андан баш тарткандыгы себеп болгон.

Ал «Ал-Каида» (террористтик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) терррорчул тобунун негиздөөчүсү жана биринчи лидери болгон.

Аталган уюм, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына, Пентагон имаратына, Пенсильваниянын талаасында 2001-жылдын 11-сентябрдагы жардырууларынан 3 миң киши набыт болгон окуяга, 1998-жылы Африкадагы АКШнын элчиликтерине жасалган жардыруулар, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү аскерий жана жарандык объекттерге бир катар чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. 

Бул окуялардан кийин Усама бин Ладен АКШнын атайын күчтөрү тарабынан 2011-жылы Абботтабад шаарындагы рейд учурунда атып өлтүргөн.

Жыйынтык: Өзбекстандын эки шаарына Усама бин Ладендин атын берүү сунушу боюнча маалымат тастыкталган жок.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*