Алтынбек Жумаев кызматынан бошотулду

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 3-августтагы жарлыгына ылайык, Алтынбек Жумаев Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан  бошотулду. 

Президенттин ушул эле күнү кол койгон башка жарлыгы менен ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев ким?

50 жаштагы Алтынбек Жумаев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 2010-жылдан тарта «7-каналдын» башкы директору болуп иштеген. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин каналды башкаруучулуктан кеткен.

2021-жылдын 12-ноябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. Бир айдан кийин эле президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигине келген.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*