
Балыкчы шаарынын «Эдельвейс» полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Машыгуунун ачылышы бүгүн 3-августа болду. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышышты.
Мындай машыгуулар тажрыйба алмашуу максатындаЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында уюштурулуп келет. Бул жолкусу Балыкчыда 5-августга чейин болот. Анда атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.
Соңунда ар кандай куралдардан ок атуу, командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.



Оставьте первый комментарий