
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы 2-август күнү кечинде Тайвандын борбору Тайбэй шаарындагы Суншань авиабазасына конду. Ал бараткан учак конор алдында кытайлык маалымат каражаттары Кытайдын Су-35 аскердик учагы Тайван аралын айланып өткөнүн жазып чыгышкан.
Тайбэйдеги «Саньли» телеканалынын булактары Пелоси жетектеген делегация Grand Hyatt мейманканасына жайгашканын билдиришти. Ал жерде маалымат жыйынын өткөрүп, Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугушат. Пелоси Тайванга болгон сапарын тастыктаган да, четке каккан да жок. Анын сапары 3-августта кечинде аяктайт.
Пелоси Азияга сапарын 31-июлда баштаган. Анын жүрүшүндө ал Малайзия, Сингапур, Япония жана Түштүк Кореяда болду. Ак үйдүн каршылыгына карабай Тайванга кетиши мүмкүн экени айтылган.
Пекин Пелосинин Тайванга сапарына каршы чыкты. Кытай Тайвань аралын өзүнүн аймагы деп эсептейт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ «от менен ойнобошу» керектигин эскертти. Ал эми 2-августта Кытай Тайванга жакын Фуцзянь провинциясында аскердик машыгуусун баштады.
Оставьте первый комментарий