
Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Өлкө башчы тескемеге бүгүн 3-августта кол койгон.
Буга чейин бул кызматты Алтынбек Жумаев жетектеп келген. Ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалгандыктан, кызматынан бошотулду.
Журналист Орунбеков «Манас» аэропортунун жетекчисинин, Соцалдык өнүгүү министринин кеңешчиси кызматтарында иштеген. 2010-жылы Алмазбек Атамбаевди сындап жазган макаласы үчүн 2 миллион сом айыпка жыгылган. 2017-жылы ага айып пулду төлөбөгөнү үчүн козголгон кылмыш иштери токтотулган.
Оставьте первый комментарий