25 млн сомго бааланган Оштун деталдык планы бүтпөй жатат. Көйгөй эмнеде?

Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу үчүн жалпысынан жергиликтүү казынадан 23 миллион 797 миң сом бөлүнгөн. Анын 5 миллион 815 миңи биринчи баскысына берилсе, 17 миллион 982 миң сому экинчи баскычына каралган.

Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан билдиришкендей, бул сумманын 15 миллион 815 миң сому долбоорду жасап жаткан Мамлекеттик институтка которулуп берилди. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен тектоникалык жаракаларды аныктоо үчүн кошумча дагы 1 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Ош шаарынын 2016-жылы аныкталган башкы планына ылайык, деталдуу пландоо долбоору 2018-жылдын башында башталып, ошол эле жылдын август айында жыйынтыкталмак. Долборлоо институту экинчи этабын 2019-жылы толугу менен бутүрүп беребиз деп убада берген. Бирок биринчи этапта кылынган иштерде бир катар кемчиликтер болгондуктан, ошол кездеги шаар жетекчилиги аны кайрап карап чыгуу үчүн 2019-жылдын апрелинде жумушчу комиссия (комиссиянын алдында жумушчу топ да түзүлгөн) түзгөн.

Ал арада Маданият министрлигине караган «Кыргызрестоврация» институтуна Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык пландаштыруу өнүгүүсүнүн консепциясын иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттен дагы 912 миң 951 сом 2018-жылдын аягында берилген. Алар да өз ишин алты айынын ичинде бүткөрүшү керек эле.

Белгиленген мөөнөттөн үч жылдан ашык убакыт өткөн менен, Оштун деталдык планы дагы деле бүтө элек. Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Рысбек Токоевдин айтымында, Бишкекте туруп Оштун долбоорун түзгөн адистер өткөн жылы деталдык пландоо 75 пайызга бүттү деп отчет берген. Бирок Ошто түзүлгөн жумушчу комиссия менен жумушчу топ долбоордо бир катар маселелер көңүл сыртында калып кеткенин белгилеп, долбоорду кайра жиберишкен.

«Башкы план, деталдык планды иштеп чыгууга шаар курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик долборлоо инсттитутунун гана лицензиясы бар  болгондуктан, алар иштеп жатат. Алар милдетти моюнга алгандан кийин каалайбы, каалабайбы Ошко келиш керек эле. Ар бир маселени жеринен көрүп, керек болсо жатып калып иштеши керек болчу. «Келгиле, жүргүлө, биз силерге бардык шартты түзүп берели» десек, келип бир жума жүрсө-жүрөт, кайра кетип калышат. Бишкекте туруп, көп нерсени түшүнбөй туруп эле, план түзө беришет. Анан бизге жибергенде жаратпай, сунуш айтып кайра жөнөтөбүз»- деди Токоев.

Токоев милдетти убагында аткарбаганы үчүн бөлүнгөн акчаны которбой көрүшкөнүн, бирок анда иш биротоло токтоп калганын кошумчалады.

Эске салсак: Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планы 6 жыл мурда  өкмөттүн атайын токтомунун негизинде кабыл алынган. Ал 600 миң калктын санын камтыган негизги шаар куруу кагазы болуп саналат.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 26 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*