Чүй: Панораманын жолуна орнотулган шлагбаум мыйзамдуубу?

Чүй облусунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Панорама аймагынын кире беришине шлагбаум орнотулуп, белгисиз бирөөлөр кирип чыккан ар бир унаадан 50 сомдон алууда. Берилген чек болсо талапка жооп бербесин «Т-Медиага» эс алуучулар билдирди.

«Мен буга чейин эч кандай акча төлөбөй эле акысыз кирип турчумун. Кечээ кирип баратсак бизден жаш балдар келип  50 сом талап кылды. Эмне себептен акча беришибиз деп сурасам, алар ошол жердин таштандыларын тазалайбыз деп, бизге колго жасалган эле чекти берип койушту. Ичине кирсек таштандылар деле тазаланбаптыр»,- дейт Бишкек шаарынын тургуну Кайыргүл Рыскулова. 

Айыл өкмөт эмне дейт?

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Мейманов эс алуу зонасына шлагбаум орнотуп, акча талап кылгандар өз билемдик кылып жатканын айтат. Анын билдиришинче, буга чейин аларга эскертүү берилген. 

«Мен буга чейин бул маалыматты угуп өзүм да текшерип баргам. Алар «Панораманын тазалыгын карап, ээн баш балдар кирбесин деген максатта койгонбуз” деп айтышкан. Бирок мен аларга акча талап кылып, уруксатсыз шлагбаумду орнотконуңар туура эмес экенин түшүндүргөм. Жада калса чеги да мыйзамсыз. Сиздердин кайрылууңуздардан кийин айыл өкмөттүн өкүлүн жөнөттүм. Ал кагаз түрүндөгү эскертүү берип, колдон келсе алдырат. Эскертүү кагазына ким болсо да кол коюп бериши керек. Болбосо биз укук коргоо органдарына же президенттин иш башкармалыгына чейин кайрылабыз».

Панорама аймагы Бишкектин жогору жагында жайгашкан. Ал жер кечкисин шаарды бийиктен карап, эс алууга келген адамдарга толот.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*