Кыргызстандан автоунаанын катализаторун алып чыгууга тыюу салынды

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, аларда камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Мындай токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттөн билдиргендей, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Катализатор —автоунаанын газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири. Ошондой эле атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турат. Анда платина, палладий, родий деген баалуу металлдар бар. Ушундан улам Кыргызстанда аны саткандар көбөйгөн.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*