ПДПга ылайык Ош шаары жети аймакка бөлүнөт

Ош шаарынын деталдык пландоо долбооруна (ДПД) ылайык, калаа жети аймакка бөлүнөт. Учурда мэрия тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссия алты аймактын долбоорун карап чыгып, сунуштар жана толуктоолор менен ДПДнын авторлоруна жиберишти. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы билдирди. 

Мекеменин маалыматы боюнча, деталдык пландоо долбоорунун жети аймагы Долборлоо институту тарабынан бериле элек. Документ келип, жумушчу комиссия тарабынан жактырылып коомдук талкуудан өтсө, шаардык кеңеште бекитилет. Калаанын башкы планына ылайык, ДПДны түзүү милдети шаар курулушу жана мамлекеттик долборлоо институтуна жүктөлгөн эле. Аталган мекеме Бишкек шаарында жайгашып, долбоор аралыктан ишке ашырылып жатат.

Деталдык пландоого Ош шаарынын борбору делинген аймактан 3500 гектар жер тандалып  алынган. Адистер аны 7 аймакка бөлүп долборлоо ишин баштаган.

Ушул убакка чейин деталдык пландоо ишине байланыштуу эки жолу коомдук угуу болуп, жумушчу комиссиясы 27 жолу, жумушчу топ 36 жолу отурум өткөргөн. Алты аймактын долбоорунан сырткары тектоникалык жаракалардын корук аймагы кыскартылды. Башкы план боюнча 400 метр корук аймагы катары каралса, кайра тактоо учурунда 70 метрге кыскартылган.

Негизи ДПД боюнча  үч долбоор бекитилмек. Анда шаардагы кызыл сызыктар, транспорттук схема жана функционалдык зоналар (шаар аймагындагы көп кабаттуу үйлөр, парктар, базар сыяктуу негизги аймактар) аныкталмак.

Ош шаарынын башкы планы эгемендик алганга чейин 1979-жылы кабыл алынган. Эгемендик алгандан 25 жылдан кийин, 2016-жылы кайра иштелип чыккан. Анда 16 миң гектар аянтты 2025-жылга чейин 20 миң гектарга чоңойтуу каралган. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун бир канча айылдарын шаардын бөлүгүнө кошуу менен ишке ашырылмак.
Автор Кенжебү Мамадсадыкова 18 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*