
Мындай пикирин бүгүн, 5-августта президент Садыр Жапаров судьялар менен жолугушууда айтты. Өлкө башчы коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчаларды түзүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгиледи.
«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.
Президент коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип турууну баса белгиледи.
Оставьте первый комментарий