Президент Азимбек Бекназаровду элчилик кызматтан бошотту

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн, 5-августта президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 2019-жылдын декабрында Малайзияга элчи болуп дайындалган. Аны бул кызматка ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков сунуштап, ЖК депутаттары колдогон болчу.

Буга чейин Бекназаров жергиликтүү медианын бирине маек куруп, Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындаган эле. Анда Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын «утулуу» катары сыпаттаган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*