
Кыргызстан курама командасынын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийимдери жарыяланды.
9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 158 адам барат.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги курама команданын оюндун ачылыш аземине жана машыгууга кие турган кийимдерин көрсөттү.



Параддык форманы курама команда 9-август күнү Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аны Ата Мекендик “BAIRA” мода үйү даярдады. Ал эми, спорттук экипировка “JOMA” компаниясына таандык.
Спорттук форма март айынагы “Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда” аттуу сынактын негизинде тандалган.
Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышат.
Оставьте первый комментарий