Этникалык кыргыздар 75 бюджеттик орун үчүн тандоого катыша алат

Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орунга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жаңы окуу жылына кабыл алуу сынактары учурда жүрүп жатат. Ага Өзбекстандагы этникалык кыргыздар 30 орун үчүн, Тажикстанда 25, Түркияда 10, Казакстанда 5 жана Кытайда жашаган кыргыздар 5 бюджеттик орунга кабыл алынуу үчүн катыша алат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин edu.gov.kg сайтында катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон документтерди тиркөө зарыл.

Керектүү документтер:

  1.  Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда);
  2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат;
  4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо);
  5. Медициналык күбөлүк 086-у;
  6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Тандоодон өтүү үчүн кенеирээк маалыматты edu.gov.kg сайтынан тапсаңыз болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1013 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*