Кыргызстанда аюу туристтерге кол салган маалымат жалган

Социалдык тармактарда, мессенжерлерде Алайда жайлоого чыккан туристтерге аюу кол салганы тууралуу маалымат тарап жатат. Анда бир нече өлгөн адамдын сүрөттөрүн көрүүгө болот. «Т-Медиа» сүрөттөрдү текшерип көрдү.

8-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгы Алай районунда мындай окуя катталбаганын билдирди. Алар маалыматта тарап жаткан сүрөттөрдүн бири 2017-жылы Орусиянын аймагында болгон окуяда тартылганын айткан. 

Биз атайын сервистердин жардамында сүрөттүн башкы булагын издедик. Бирок милициянын окуя 2017-жылы Башкортостанда болгон деген маалыматы такталган жок. Жергиликтүү сайттар ошол эле жылы 18-майда Башкортостандын Кушнаренково районунун администрациясы бул маалыматты төгүндөгөнүн жазып чыгышкан.Чындыгында өлтүрүлгөн аюунун сүрөттөрү 2014-жылы да Татарстан, Орусия аймактарында ар түрдүү тема менен активдүү бөлүшүлгөн.

2011-жылы да ушул эле аюунун башкача ракурста тартылган сүрөтү Орусиянын карамагындагы Карачаево-Черкесия республикасынын Карт-Джурт айылында болгон окуяга таандык деп жүктөлгөн. Анда  жырткыч айылга келгенде жергиликтүүлөр аны атып өлтүргөнү жазылган.

Демек, Кыргызстанда «туристтерге аюу кол салды» деген маалымат жалган. Анда тарап жаткан сүрөт 2011-жылы да бөлүшүлгөн.

Өлгөн денелердин сүрөтү Кыргызстандагы окуябы?

Эми ошол эле маалыматта тарап жаткан башка сүрөттөрдү текшерип көрөлү. Андагы аял кишинин денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен кадр 2018-жылы түрдүү сайттарга чыккан. Маалыматта Чеченстандын Грозный шаарындагы өткөрмө-пунктту жардырууга келген террорист полицияга колго түшүп калганда өзүн жардырып жибергени айтылган

Өлтүрүлгөн аюунун сүрөттөрүнүн дагы бири былтыр 21-июнда Орусиянын Красноярск облусундагы «Ергаки» жаратылыш паркында болгон окуяда тартылган.  Анда ал 16 жаштагы өспүрүмгө кол салган. Маалыматты жергиликтүү prima_tv телеканалы расмий тараптардын интервьюсу менен даярдалган сюжетте бөлүшкөн. 

Кол салуунун жабырлануучулары деп таркатылып жаткан сүрөттөрдөгү бир буту үзүлгөн маркумдун сүрөтү да ошол эле парктагы окуяда 2021-жылы 28-июлунда тараган. Сайтта бул жыл ичинде аюу туристтерге кол салган экинчи окуя экени айтылат.   

Эс алуу жайда аюу туристтерге кол салганы чынбы?

«Ергаки» жаратылыш паркындагы кырсыкты тактоо үчүн анын расмий сайтына баш багып көрдүк. Анда чындыгында эле август айынын башында паркта аюуларга азык жетишсиз болгондуктан, адамдарга кол салып жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Макалада туристтерден тыюу салынган жайларга барбоосун суранышкан. Бул жайда аюулар көп байырлайт. Ошол себептен сайтта бул жырткычтын жанында адам өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. 

Жыйынтык: Алай районунда аюу туристтерге кол салганы тууралуу маалымат — фейк. Андагы сүрөттөр буга чейин да түрдүү баштема менен соцтармакта тараган.

«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*