«Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. Кимдер кандай жеңилдикке ээ болот? 

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында айтылат. 

Мыйзамга ылайык, креативдүү чөйрөдө иштегендер айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн жеңилдиктерге ээ болушат. Алардын катарына блогер, журналист, дизайнер, жарнама, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр кирет.

«Креативдүү индустриалдык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, Кыргызстан креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоо үчүн өлкө катары эл аралык жагымдуулугун жогорулатууну билдире», -дейт президенттин маалымат кызматы.

Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*