Тогуз-Тородо бир нече соттук процесстин документтери жоголгон

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунда 30 соттук процесстин документтери (дело) жоголгон. Бул тууралуу «Т-Медиага» жеке булак билдирди. Окуя райондук соттун мурдагы төрагасы Ниматилла Каримбековдун тушунда болгон.

Жалал-Абад облустук соту маалыматты ырастады. Бирок канча документ дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалыматты ачыктаган жок. Мекеменин басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматовдун айтымында, Каримбеков төрага болуп турган учурда соттук иштердин документтерин көзөмөлдөгөн эмес. Жыйынтыгында ушундай кырдаал келип чыккан.

«Каримбеков Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы болуп турган учурда судьянын ар-намыс, эмгек кодекстерин одоно бузгандыгы аныкталды. Ушундай эле көрүнүш учурда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы болуп турган учурда да катталды. Ал судьялык милдеттерин так аткарган эмес. Отурумга катышкандардын сот актыларын өз убагында жеткирүү боюнча чара көрбөй, иштерди өз убагында кабыл алуу, кароо жана соттун кеңсесине жеткирүү боюнча аракеттерди иретттүү жасабаптыр. Мындан тышкары сот аппаратынын кызматкерлеринин ишине толук көзөмөлдүн жоктугунан дициплинардык чара көрүүгө негиз болгон. Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жогоруда аталган жагдайларды эске алып, Ниматилла Каримбековдун аракеттерине баа берүү үчүн Судьялар кеңешине сунуш жөнөткөн. Алар аты аталган сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаровго жолдоду» -дейт Мирлан Төрөмаматов. 

Биз Каримбековдун өзү менен байланыша алган жокпуз. Бирок документтердин кандай жагдайда жоголгону боюнча анын пикирин угууга даярбыз.

Ниматилла Каримбеков деген ким? 

Ниматилла Каримбеков Тогуз-Торо райондук сотунун судьялыгына 2021-жылдын 27-апрелинде дайындалган. Ал эми  үстүбүздөгү жылдын 10-майында Тоңго ротация болгон.

Ачык булактарда Каримбековдун 2017 жана 2016-жылкы декраларциясы көрсөтүлгөн. 2017-жылы анын кирешеси 635 миң  270 сомду түзгөн. Өзүнүн жана туугандарынын атында эч кандай мүлк көрсөтүлбөгөн. Ал эми 2020-жылы 850 миң сом киреше тапкан.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*