Зеленский Батышты орусиялыктарды өз аймагына киргизүүгө тыюу салууга чакырды

Батыш өлкөлөрү бардык орусиялыктарга өз аймагына киргизүүгө тыюу салуусу керек. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский  The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Орусияга киргизилген бардык санкциялар орус жарандары үчүн бир жыл чек араны жабууга жана орус мунай-газын сатып алууга толук эмбарго жарыялоого салыштырганда өтө алсыз болуп калат.

«Эң маанилүү санкция чек араны жабуу – себеби орусиялыктар бөтөн жерди тартып алып жатат. Орусиялыктар философиясын өзгөрткөнгө чейин өз дүйнөсүндө жашоосу керек», — деди Зеленский.

Украин президенти Орусиянын бардык калкын обочолонтуу менен жоопкерчиликке чакыруу керек деп эсептейт. Ал бул президент Путинге таасир бере турган жалгыз ыкма экенин айтууда.

Бул арада Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Орусия жарандарына виза берүүгө тыюу салуу ыктымалдыгын талкуулоодо. Маселен, Эстония, Латвия жана Финляндия дал ушундай демилге көтөрүүдө. 26-февралдан тарта Евробиримдик Орусия менен жеңилдетилген виза режимин токтоткон.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*