Активист Шаменов унаасынын астынан жардыруучу зат табылганын билдирди

Коомдук активист жана ишкер Илгиз Шаменов бүгүн 11-августта унаасынын астынан жардыруучу зат табылганын билдирди. 

Анын айтымында, жардыруучу зат анын унаасы Бишкектеги «Азия Молл» соода борборундагы унаа жуучу жайда турганда табылган.

“Менин кеңсем Азия Моллдун жанында жайгашкан. Унаамды унаа жуучу жайга таштап супермаркетке баргам. Унааны жууп жатканда астынан зым илинип турганын көрүшкөн. Мен айдоочумду жөнөтсөм граната бар экен деп айтты. Андан кийин дароо милиция чакыртым”,- деди Шаменов.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн, тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирген.

Илгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Ал Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген.

 

Автор: Максат Боромбаев

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1443 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*