Барак эксклавынын тургундары бийликтен жер алмаштыруу жараянын эртелетүүнү суранууда

Барак айылынын тургундары. 08.08.2022

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавынын тургундары президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алар демаркациялоо иштери кечеңдеп жатканын айтышууда.  

Айыл тургуну Иминжан Эргешовдун айтымында, элдин үлүш жерлери Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Мындан улам жашоочулар ара жолдо калып, дыйканчылык кыла албай жатат.

«Биздин негизги жашаган жерибиз Барак айылы, а бирок үлүш жерлердин баары ошол жакта (ред-Өзбекстандын аймагы). Эки тарап сүйлөшүп, жерди алмаштыруу боюнча макулдашуу болуп, элге айыл башчылардын катышуусунда жердин карталарын көрсөтүп койгон. Ошону күтүп жатсак, иштер ошол боюнча токтоп калды. Биздин бийлик ушунун артынан түшүп атабы же түшпөй атабы ошого кабатырбыз. Бул эки өлкөнүн акимдеринин же губернаторлорунун колунан келе турган иш эмес экен. Президенттер чече турган көйгөй болгон үчүн Садыр Жапаровго, чек ара боюнча иш алып барып жаткан Камчыбек Ташиевге кайрылып жатабыз. Башталган ишти кайрадан жандантып, жерлерди алмаштыруу жолдорун тездетип берсе деген талабыбыз бар», -дейт Эргешов.

Жашоочулар буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылышкан.

«Депутат Алишер Козуевге кайрылганбыз. Ал келип эл менен сүйлөшүп «Жумуш уланат, маселени карайбыз» деп кеткен. Ошондон бери дайын жок. Эл кыйналып кеттик. Адырдан жаштарга сегиз сотыхтан жер берген. Ошол эле жери бар, башка үлүштөрү жок. Жумуш жок, дыйканчылык кылалы десе, үлүш жерлери ал жакта калып кетти. Кирип-чыкканга кыйын», -деди Аким Калбаев.

Барактыктардын айтымыдарында, жыл сайын сугат суу сезонунда өзбек бийлиги дыйканчылык жерлерге барчу суу каналын тосуп салышат. Натыйжада эгин талааларына, бак-дарактарга суу жетпей куурап калган учурлар көп. Айылдык кеңешетин депутаты Нурсейит Канатов элдин негизги кирешеси дыйканчылык дейт.

«Суу Өзбекстан аркылуу келгендиктен эгиндерге суу жетишпейт. Бизге айылдан жер берди, үй салдык. Бирок квартирант болуп жашап жаткандай эле сезилет. Себеби негизги кирешебиз дыйканчылык болгондуктан, жерге жерди алмаштырса дыйканчылыкты жандандыралы деген элек».

Айылдын башчысы Бурканбек Ашировдун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиялары 2018-жылы макулдашкан. Коңшу өлкө Барак эсклавынын ордуна Кыргызстандын Кара-Суу районунун Ак-Таш айылына чектеш, Анжиян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Бирлешкен айылындагы эл жашабаган жерди бере турган болгон. Буга чейин жумушчу топ барып, бериле турган жерди көрүп келишкен. Жада калса эки тарап аянтын өлчөгөн. Аширов делимитация жумушу бүткөнүн айтып, эми демаркациялоо менен ратификациялоо иштери бүтсө маселе чечилмек дейт. Бирок негедир жер алмашуу жараяны токтоп турат.

«Барак айылынын географиялык абалын, жайгашкан жерин жакшы билбеген жетекчилер да болду. «Силердин паспортуңар Кыргызстанбы?» деп суроо салгандар учурады. Барак айылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт, Кыргызстандын жери. Элдин патриоттуулугунан, элим, жерим деген үчүн кандай көйгөй, маселе болбосун ошонун баарын жеңип, ушул күнгө чейин жашап, күрөшүп жерди кармап келатат. 1999-жылдан бери бизин чек ара көйгөйүбүз башталган. Мурда тургундар айылды ушул жерден көчүрүп же жылдырбай эле көз карандысыз коридор сураганбыз. Ага кошуна мамлекет макулдук берген жок. Андан сырткары эки тандоо болгон — Кара-Суу районунун Ак-Таш айылына чектеш, эл жашабаган жерди бере турган болгон. Бирок бул жараян токтоп калды. Буга байланыштуу биздин округдан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев менен жолугуп, маселени жумушчу топко, президентке, Камчыбек Ташиевге жеткирип, жандандырып берүүнү сурандык». 

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак деп аталган айыл Өзбекстан аймагындагы эсклав болуп калганына көп болгон. Айылдын жалпы аянты 208 гектарды түзөт. Учурда ал жакта 19 үй-бүлө жашайт.

Кыргызстан менен Өзбекстан ушул жылдын аягына чейин чек ара сызыгын толугу менен тактап бүтүү аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын 9-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн кезектеги жолугушуусунда айтылды. Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*