Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 147 талапкердин 60ы өттү

Баткенде 11-августта мектеп директорлугуна тандоо үчүн компьютердик тестирлөө жыйынтыкталып, андан 60 талапкер өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Тестирлөөгө 147 талапкер катышты. Катталгандардын экөө сынакка келген жок.

Тесттин жыйынтыгында босого баллдан 60 жаран өтүп, 87си керектүү упайды топтой албай калды. 74% балл топтогон талапкер эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Министрлик Баткен облусунда жалпы 98 ваканттык орун бар экенин билдирген. Эми калган 38 бош орун үчүн дагы сынак өткөрүлөт.

Конкурста мектеп директору болгусу келген жарандар компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек.

Министрликтин талабы боюнча конкурска төмөндөгү квалификацияларга жооп берген жарандар катышышы керек:
  • жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы;
  • атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар.

Быйыл 12-июлда президент Садыр Жапаров билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын негизинде беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынды. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынак аркылуу дайындалат.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*