ӨКМ аскер бөлүгүндө сабалган жоокер боюнча кылмыш иши токтотулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши 8-августта токтотулду. Бишкектин Биринчи май райондук соту билдиргендей, тараптар элдешип алган жана материалдык зыяндын орду толтурулган.

«Жоокерди сабады деген аскер кызматкери анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Мындан тышкары сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранды. Айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун түшүндүрдү», -деп айтылат маалыматта.

Райондук сот кошумчалагандай, мыйзам боюнча жабырлануучу тарап дооматтан баш тартып жатса кылмыш иши андан ары иликтенбейт, бул учурда тараптар менен жарашып жана материалдык чыгымды төлөсө бошотулат.

Эсенбековдун сабалышы

1-июнда ӨКМге караган 86123 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, табарсыгы жарылып, оор абалда ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Анын атасы 7-июнунда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып, контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Төрөбай Жаныбек уулуна карата чара көрүүнү суранган.

Көп өтпөй прокуратура ал камакка алынганын, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун иши боюнча алты аскер кызматкери жумуштан четтетилгенин маалымдаган.

Сабалган жоокердин апасы: Дени соо баламды армияга жөнөтүп, оорукчан кылып колума алдым

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*