Кызыл-Кыяда 35 жаштагы жаран мурдагы аялын зордуктоого шектелип жатат

Кызыл-Кыяда 33 жаштагы аялды мурдагы күйөсү ыплас жолдор менен зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Аял Ноокат районунун тургуну болгон. Ал милицияга 21-июль күнү Кызыл-Кыянын борбордук базары тараптагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү коркутуп алып барып зордуктап, уруп денесине жараат келтиргенин билдирген.

9-августта 35 жаштагы шектүү Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен кармалды.
Факт кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда былтыр 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Алардын 90%га жакыны сотко жетпей кыскарып кеткен.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1443 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*