www.t-media.kg
Онлайн-уурулардан сактаныңыз!
Автор: Улукбек Сали уулу
9-август, 2022-жыл.
Биз жашап жаткан техника, санарип доорунда адамдардын жашоосу бир топ жеңилдеди. Мурда убакыт кетирип бүтүрө турган ишти азыр заматта эле колуңуздагы смартфондун жардамы менен бүтүрө аласыз. Мисалга алсак коммуналдык чарбага төлөмдү телефондон эле төлөп койсо болот. Ал үчүн сизге мобилдик капчыгыңыздагы акчанын болушу жетиштүү. Илгеркидей банктарда сааттап кезек күтүү жок. Бирок уурулар биз жашап жаткан коомдо бар экенин да унутпашыбыз керек. Алар акчаны онлайн уурдоонун жолун да табышты. Акчаны кантип уурдашат,алардан кантип сактануу керек экендигин бул макаладан окуп, таанышыңыз.
Айнура Баракова (аты-жөнү өзгөртүлдү) Жалал-Абад облусунун тургуну, 3 баланын энеси, үй кожойкеси. Ар дайым эле дүкөнгө барып жаңы буюм сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан анын жашоосун жеңилдетүүгө жардам берген онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүгө көнгөн. Инстаграммдан бөлүп төлөө менен саткан баракчага туш болгон. Бирок алдамчыларга кабылганын кийин түшүнгөн.
- Рассрочкага телефон алайын дегем. Telefon_device деген баракча аркылуу мага керектүү телефонду тандадым. Баштапкы төлөм үчүн 6600 сом котордум. Алар мага паспорту менен сүрөткө түшүп жөнөтүштү. Кийин эле мени блоктоп койду. Эч нерсе кыла албай калдым. Кийин башка аккаунттар менен текшерип көрсөм, ал жактан да алдаганга аракет кылып жатат. Буларга алданган жалгыз мен эмес болсом керек.
Жуманасыр Сапанов студент. Онлайн шылуундардын тузагына бир нече жолу түшкөн. Covid-19 пандемиясынан кийинки карантин күндөрү үйдө болуп, "Pubg Mobile" телефон оюнун көп ойночу. Ал интернетке жарыяланган көрсөткүчү бийик аккаунттун сатууга чыкканын көрүп, аны сатып алууну чечет. Шылуундар алгач өздөрүнүн эсептерин жөнөтүп, акча которуусун айтышат. Айтылган сумманы которгон соң шылуундардын жөнөткөн аккаунттун логини менен паролу туура эмес деп чыккан. Кайра аккаунтту саткан адамдарга кайрылганда, алар Жуманасырды блоктоп коюшкан. Ушуга эле окшогон көрүнүш Жуманасырдын тил курсуна жазылганында болгон.
Жуманасыр Сапанов
студент
Карантин кезде баары үйдө олтуруп, окуулар аралыктан болуп калбадыбы. Ошол кезде тил курсуна окугум келип, интернеттен онлайн арзан окутуу курсун таап алдым. Айына 500 сомдон окутарын көрүп, катталууга шашылдым. Кийин алар мени телеграмм каналга кошкон. Ал жакта кадимкидей сабак болот деп күткөм. Бирок алар жөн эле ютубтагы башка орус улутундагы авторлордун видеолорунун шилтемелерин жөнөтүү менен гана тим болушкан. Мен аны өз алдымча деле ютубтан таап алмакмын да. Кийин шылуундардын ушундай кадам менен элди алдап жатканын түшүндүм.
Мындай көрүнүштөр акыркы жылдары Ош шаарында да катталып жатканын Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Жыл башынан бери мындай 2 факты катталган. Бирок онлайн-шылуундук «алдамчылык» беренеси менен катталгандыгы үчүн фактылар андан да көп болушу мүмкүн.
Замир Сыдыков
Ош ШИИБнын маалымат катчысы
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык, «алдамчылык» беренеси менен аларга карата кылмыш иши козголот. Бизде учурда 2 факты бар. Бир иш азыр такталып, сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми экинчисинин үстүнөн издөө иштери жүрүүдө. Ачылган кылмыш жабык зонада олтурган, өзүнүн мурда жасаган кылмышы үчүн жазасын өтөп жаткан мекемелердин биринен телефон чалуу болуп, алдап кеткен учур аныкталган жана ал сотко өткөрүлүп берилген.
Интернеттен сатып алуулар биздин өлкөгө келгенге чейин шылуундар элдин эмоциялык абалынан пайдалынып, акчасын уурдап алышчу. Көбүнчө жакын адамдарынын телефон номери аркылуу чалып, ал адамдын авария же кырсыкка кабылганын айтып, акча которуусун айтышчу. Бүгүнкү күндө онлайн-сатуу жана сатып алуулар жакшы жөнгө коюлгандыгы үчүн шылуундар банктык эсептерден акчаны уурдоо жолдорун өздөштүрүшкөн.
Сиз өз буюмуңузду сатууга Lalafo сайты аркылуу койгон болсоңуз,ал буюмду сатып алгысы келген адам сиздин банктык картаңызды сүрөткө тартып жөнөтүүңүздү суранат. Сиз болгону картаңыздын бир эле бетин, же 16 сандан турган персоналдык номериңизди жөнөтүшүңүз керек. Бул сиздин эсебиңизге акча которуусу үчүн жетиштүү. Эгерде, ал адам картаңыздын эки бетин тең сүрөткө тартып жиберүүнү суранса, ал кандайдыр бир жаман максатты көздөп турганынан шектенсеңиз болот. Себеби, картаңыздын артындагы 3 орундуу сан «сыр сан» деп эсептелинет. Ал онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн код болуп саналат. Андыктан шылуундардын кадамына баам сала жүрүңүз. Персоналдык номерлериңизди бирөөгө айтуудан карманыңыз.
Шылуундар интернет колдонуучуларды кызыктыруу жана алардын маалыматтарын уурдоо үчүн фишинг чабуулдарын колдонушат.
ФИШИНГ- Интернет-алдамчылыктын бир түрү.
Ал колдонуучунун жашыруун маалыматтарына, логин-паролдоруна жетүү менен ишке ашырылат. Популярдуу, расмий булактардын атынан электрондук каттарды, шилтемелерди массалык түрдө жайылтуу менен жасалат. Сизге келген шилтемелерди ачуудан карманыңыз. Алгач анын кимден келгенин, расмий компания же брендке тиешеси бар же жок экенин талдаңыз.
Көбүнчө фишинг кайсы бир компания лоторея ойнотуп, кымбат-баалуу белектерди таратып жатат деген билдирүүлөр болот. Чын эле конкурстун жүрүп жатканын текшерүү үчүн компаниянын расмий сайтына кирип таанышсаңыз болот. Компаниянын тейлөө кызматынын номерлерине да чалып тактаганыңыз дурус.
Шылуундардын дагы бир кадамы колдонуучунун жеке эсебинен аз сандагы сумманы уурдап турганы. Ал акчалар алынып жатканын жарандар билбей да калышы мүмкүн. 200-300 сомдон жүздөгөн адамдан алып, шылуундар өздөрү үчүн чоң киреше булагын түзө алышат. Эсебиңиздеги акчанын бир аз болсо да азайып баратканын байкасаңыз, тезинен банк адистери менен байланышыңыз. Ackmatoff IT Company мектебинин негиздөөчүсү Турат Алыбаев чоң сумманы убада кылган конкурстарга алданбоо керек экендигин жана киберкоопсуздукту ар бир жаран бүгүнкү күндө өздөштүрүүсү маанилүү экендигин айтат.
Турат Алыбаев
Ackmatoff IT Company мектебинин негиздөөчүсү
- Алдамчылык менен акча таап жаткан, онлайндын артыкчылыгын колдонуп шылуундук кылып жаткандар абдан күч алып кетти. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар, мугалимдер, пенсионерлер акчасын карта менен алып калгандыктан, алардын медиасабатсыздыгы менен шашмалыгын пайдаланып акчасын чыгарып кетип жаткандар абдан көп. Шылуундар алдамчылыктын, акча уурдоонун түрдүү жолун колдонуп жатышат. Кудайым сактанганды сактайт. Бекер тамак капканда эле болот.
Эгерде акчанын эсебиңизден алынып жатканын байкасаңыз, тезинен милиция кызматкерлерине, банктын кеңсесине барып эсебиңизди жаптырыңыз. Уурдалып жаткан акчаны ушундай жол менен токтотсоңуз болот. Укук коргоо органдарына арызыңызды калтырасыз, банк менен сүйлөшүү жүргүзүп, уурдалган акчаны кайтарууга болот. Бул расмий терминде "чарджбек" деп аталат.
Аймээрим Дарманбек кызы - журналист. Ал да кезинде онлайн-шылуундардын тузагына илинген. Бүгүнкү күндө медиасабаттуулук боюнча тренингдерге барып, киберкоопсуздук эрежелерин үйрөнгөн. Учурда 100 пайыз коопсуздуктамын дебесе да, шылуундардын айрым кадамдарын баамдап турат.
Аймээрим Дарманбек кызы
журналист
- Мурда уурулардын менин эсебимден кантип акча уурдап алганын түшүнбөйт элем. Тренингдерге катышып, бул оңой эле иш экенин түшүндүм. Азыр телефон, компьютер, ноутбуктарымдын бардыгына пароль койгом. Оңойчулук менен телефонума бирөө кире албайт. Мындан мен өзүмү ишеничтүү сезем. Банктык эсептеримди да тез-тез текшерип турам, акчанын кайда жумшалып жатканын.
Онлайн-уурулар бардык ыкманы колдонушу мүмкүн. Өзүңүздүн телефонуңуздагы банктык эсепти жүргүзүүчү тиркемелерге да сак болуңуз. Телефондун өзүнө, тиркемелерге да табууга жеңил эмес болгон сыр сөздөрдү коюңуз. Персоналдык жеке маалыматтарды бирөөгө айтуудан, ачык калтыруудан абайлаңыз.